Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Кырчында 37 гектардан ашык айдоо жер жайыт категориясына которулду
11.08.2026 | 15:40

Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагынын Кырчын участогунда жайгашкан жалпы аянты 37,32 гектар жер тилкеси «кайрак айдоо» категориясынан «жайыт» категориясына которулду. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, мамлекеттик менчикте турган бул жерлер №79, №111, №115, №117, №119 жана №124 контурларында жайгашкан.
Трансформациялоо чечими жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында, жергиликтүү администрациянын жана президенттин облустагы өкүлүнүн корутундуларынын негизинде кабыл алынган.
Токтом расмий жарыялангандан күндөн (11-августтан) он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Анын аткарылышын контролдоо президенттик администрацияга жүктөлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом