Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Сириянын соту Башар Асадды өлүм жазасына кести
11.08.2026 | 15:31

Сириянын соту өлкөнүн мурдагы президенти Башар Асадды өлүм жазасына кескенин сириялык мамлекеттик SANA агенттиги билдирди.
Анын маалыматына караганда, сот Асадды Сириядагы жарандык согуш маалында жасалган согуштук кылмыштарга жана адамзатка каршы кылмыштарга күнөөлүү деп тапты.
Мурдагы президенттин аталаш тууганы Атеф Нажиб да өлүм жазасына өкүм кылынды. Башар Асад башкарып турган тушта ал өлкөнүн түштүгүндөгү Дераа провинциясындагы саясий коопсуздук башкармалыгын жетектеген.
Башар Асад 2024-жылдын декабрь айында бийликтен кулатылган. Режим кулагандан кийин ал өлкөдөн чыгып кетип, Орусиядан башпаанек алган. Өткөөл мезгилде Сирияны Ахмед аш-Шараа башкарууда.
Башар Асад Сирияны 2000-жылдан бери башкарып, президенттик кызматта өз атасы Хафез Асаддын ордун баскан. 2024-жылдын 8-декабрына караган түнү куралдуу оппозиция Дамаскка кирип, андан соң Асад борбор калаадан учак менен учуп кеткен.