Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Кырчынга жеке унаа менен кирүүгө тыюу салынды: бекер автобустар каттайт
01.09.2026 | 12:55

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган мезгилде Кырчын жайлоосуна жеке унаалар менен кирүүгө толугу менен тыюу салынат. Этнофестивалдын көрүүчүлөрү жана меймандары үчүн бекер автобус каттамдары уюштурулду: шаттлдар 1-сентябрдан тарта эртең мененки саат 08:00дөн баштап, 15 мүнөттүк аралык менен каттай баштайт.
Жүргүнчүлөрдү ташуу расмий аялдамаларда төмөнкү үч маршрут боюнча катуу тартипте ишке ашырылат:
- №1 маршрут: Жаркынбаев айылы — Кырчын (Ананьево, Семёновка жана Григорьевка аркылуу);
- №2 маршрут: Бостери (ипподром) — Кырчын (Корумду, Темировка, Григорьевка жана Семёновка аркылуу);
- №3 маршрут: Бает айылы («Чайка Резорт») — Кырчын (Чолпон-Ата, Корумду, Григорьевка жана Семёновка аркылуу).
Уюштуруучулар конокторго жайлоого тез жетүү жана аралыктагы бекеттерде кезек күтпөө үчүн өзүнө жакын жайгашкан отургузуу пункттарын алдын ала аныктап алууну сунуштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: ВИК