Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын: Министр Мамытканов себебин айтты

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын: Министр Мамытканов себебин айтты

Чолпон-Атадагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешменин жүрүшүндө Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын бажылык кызматташуу боюнча мүчөсү (министр) Максат Мамытканов кыргыз-казак чек арасында эмнеге жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралып жатканы тууралуу Reporter.kg’ге айтып берди.

Анын айтымында, чек арадагы тыгынга бир нече себеп бар.

«Бул комплекстүү маселе. Алардин бири – товар, жүк ташуунун агымына ылайык келбеген инфраструктура. Себеби көпүрө тардык кылууда. Экинчи маселе ар бир мамлекеттин өзүнүн мыйзамдарында жатат. Анткени ар бир өлкө өзүнүн улуттук кызыкчылыгына карап өз мыйзамдарын аткарат. Аны баары түшүнүшү керек. Казакстанда, Россияда жана Кыргызстанда да кандай өзгөчөлүктөр бар экенин түшүнүү зарыл», — деди ал.

Ал билдиргендей, Казакстан тараптан жасалма түрдө тоскоолдуктар болуп жатат деп айтыш үчүн юридикалык жактан негизделген документ болушу зарыл.

«Казакстан жасалма жол менен тоскоолдук жаратууда деп айтуу үчүн юридикалык жактан негизделген чечим болушу керек. Бүгүнкү күнү бизде андай документ жок», — деди ал.

Анын айтымында, маселени чечүү үчүн эки өлкөнүн чек арасындагы инфраструктураны жакшыртуу керек. Себеби учурда жүк ташуучу унаалар өтүп жаткан көзөмөл өткөрмө жайларында көпүрөлөр тар болуп жатат.

«Мындан улам инфраструктураны кеңейтүү зарыл. Ошондой эле жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралбашы, айдоочулар кыйналбашы жана өткөрмө жайына убагында келип, ар бири качан келерин, канча убакытта чек арадан өтөрүн билүүсү үчүн электрондук кезекти киргизүү маселеси турат. Бул долбоорлор товарлардын өтүшүн тездетүүгө багытталган. Ал биз комиссияда чечип жаткан эң башкы маселе. Кечээ электрондук системанын презентациясы болду. Ал транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү жана жүктөрдү ташып өтүүнү камсыз кылат. Башкача айтканда электрондук кезек жана бардык санарип сервисттер тиешелүү көзөмөл иштерин тез жүргүзүүгө жардам берип, жүк ташуучулар менен башка тараптарга керектүү кызматтарды көрсөтөт», — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>