Дүйнөлүк банк Оштогу «Эко Азык» логистикалык борборунун инфратүзүмүнө 10 млн сом бөлөтАйдоочулук күбөлүк алуу: Аламүдүн бөлүмү боюнча практикалык сынак тапшыруу дареги өзгөрдүДмитрий Константинов: Атомдук технологиялар боюнча бардык суроолорго ачык жооп берүүгө даярбызГерманияда кыргызстандык студент каза болду. Маркум ал жакка сезондук жумушка барганКыргыз улуттук университетинде бүтүрүүчүлөрдөн пара талап кылуу фактысы аныкталдыЖээнбек Кулубаев Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы жаңы элчиси менен жолугушту
Кыргыз улуттук университетинде бүтүрүүчүлөрдөн пара талап кылуу фактысы аныкталды
25.06.2026 | 12:15

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде бүтүрүүчүлөрдөн системалуу түрдө пара алуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, аталган окуу жайдын курс менеджери «Э.у.М.» бүтүрүүчүлөргө басым жасап, мамлекеттик экзамендерге кирүү үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратканы белгилүү болгон. Ал мыйзамсыз акча алып, аны окутуучуларга жана башка жооптуу кызматкерлерге өткөрүп берип турган.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында «Э.у.М.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка окутуучуларды жана администрация мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатканы айтылды.