Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Германияда кыргызстандык студент каза болду. Маркум ал жакка сезондук жумушка барган
25.06.2026 | 12:33

Германияда 2008-жылы туулган кыргызстандык жигит каза болду. Маркум 23-июнда Хёкстер шаарына жакын жердеги көлдө сууга түшүп жатып чөгүп кеткен.
КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, маркум Германияга «Ferienjob» студенттик программасынын алкагында сезондук жумушта иштөө үчүн барган.
Учурда Кыргызстандын элчилиги Германиянын тиешелүү органдары, иш берүүчү жана маркумдун жакындары менен байланышта болуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Сөөктү мекенине жеткирүү жана документтерди даярдоо маселелери иштелип жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Германия