Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Такси айдоочулар лицензияны эми онлайн түрдө алса болот
22.06.2026 | 15:49

Эми такси айдоочулары жана мындай кызматтарды көрсөткөң ишканалар лицензия алуу үчүн арыздарды онлайн тапшыра алышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Санариптик кызматтар «МБанк», «Элдик» жана «Түндүк» мобилдик тиркемелери аркылуу жеткиликтүү. Колдонуучулар тиркемеден идентификациядан өтүп, документтерин жүктөп, электрондук арыз толтурушу керек. Лицензия берилген соң, анын маалыматтары санариптик форматта тиркемеде көрүнүп турат.
Эске салсак, такси айдоочулары үчүн лицензия алуу мөөнөтү ушул жылдын 1-июлунда аяктайт. ИИМ аталган мөөнөттөн кийин лицензиясыз иштегендерге айып пул салынарын эскертти. Анын көлөмү:
- жеке жактар үчүн — 7 миң 500 сом;
- юридикалык жактар үчүн — 23 миң сом.
Министрлик жүргүнчү ташуучуларды мыйзам талаптарын аткарууга жана лицензияны өз убагында тариздөөгө чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом