Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Айдоочулук күбөлүк алуу: Аламүдүн бөлүмү боюнча практикалык сынак тапшыруу дареги өзгөрдү
25.06.2026 | 13:35

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Аламүдүн бөлүмү боюнча айдоочулук күбөлүк алууга практикалык сынак тапшыруу жайынын дареги өзгөртүлдү.
Борбордун маалыматына ылайык, 29-июндан баштап практикалык экзамендер Сокулук районунун Кожомкул айылындагы Степная көчөсү, 89а («АвтоДостук» автодрому) дарегинде өткөрүлөт.
Аталган бөлүмдүн башка кызматтары — теориялык экзамендерди кабыл алуу, күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу мурдагыдай эле Бишкек шаары, Элебесов көчөсү, 206 дарегинде жүргүзүлө берет. Бул өзгөрүү практикалык сынакка гана тиешелүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Чүй