Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Ат чабыш боюнча Кочкордун «Байэл» командасы Көчмөндөр оюндарына жолдомо алды
22.06.2026 | 17:36

Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда өткөн 200 чакырымдык «Көчмөндөр жүрүшү» ат марафонунда Кочкор районунун «Байэл» командасы экинчи орунду ээледи.
Калыйбай Саралаев жетектеген команда эки күнгө созулган ат чабыштын жыйынтыгында Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн үч жолдомо утуп алды. Бул команданын аталган оюндарга алган экинчи жолдомосу болуп саналат. Буга чейин бир ай мурда Ивановкада өткөн марафондо аталган команда төртүнчү орунду ээлеген.
Мелдеште биринчи орунду Түп районунун командасы, ал эми үчүнчү орунду Кочкор районунун башка бир командасы камсыз кылды. Марафонго өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген күчтүү чабандестер катышып, аттардын чыдамкайлыгы сыналды.
Теги: көчмөндөр оюндары