Жээнбек Кулубаев Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы жаңы элчиси менен жолугушту

Бүгүн, 25-июнда, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабия Падышалыгынын жаңы дайындалган элчиси Ияд бин Гази Хаким менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашкан. Жээнбек Кулубаев өз ара саясий диалогду бекемдөө жана өнөктөштүктү тереңдетүү маанилүү экенин айткан.
Ал эми элчи Ияд бин Гази Хаким Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошууга даярдыгын билдирген.
Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалаган.