Эксклюзив

Дмитрий Константинов: Атомдук технологиялар боюнча бардык суроолорго ачык жооп берүүгө даярбыз

25.06.2026 | 13:03
Дмитрий Константинов: Атомдук технологиялар боюнча бардык суроолорго ачык жооп берүүгө даярбыз — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Энергетика министрлиги ШКУнун алкагында ири энергетикалык көргөзмө уюштуруп, анда тармактын негизги оюнчулары өз долбоорлорун сунушташты. Көргөзмөнүн негизги катышуучуларынын бири болуп «Росатом» мамлекеттик корпорациясы болду. Аталган компания Кыргызстанда шамал энергетикасы, чакан гидроэнергетика тармактарында бир катар долбоорлорду ишке ашырып, ошондой эле аз кубаттуу атомдук станция куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Бирок бул пландар коомчулукта коопсуздук, болочок объекттердин сейсмикалык туруктуулугу жана жергиликтүү адистердин жетишсиздиги боюнча суроолорду жаратууда. Эмне үчүн заманбап реакторлор жер титирөөдөн чоочулабайт, кадрларды даярдоо канча убакытты алат жана жаңы технологиялар эмне үчүн коом менен ачык диалогду талап кылат? Бул тууралуу Reporter.kg’ге берген маегинде «Росатомдун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Константинов айтып берди.

Адатта «Росатомду» жалаң гана өзөктүк энергетика менен байланыштырышат. Сиздердин иш багыт канчалык деңгээлде ар түрдүү жана реакторлорду куруудан тышкары Кыргызстанга дагы кандай долбоорлорду сунуштоого даярсыздар?

— «Росатом» чындыгында көп тармактуу корпорация болуп саналат. Алгач советтик, кийинчерээк россиялык атомдук өнөр жайдын 80 жылдык тарыхында топтолгон тажрыйба бизге атомдук энергетика менен гана чектелбей, башка багыттарды да өнүктүрүүгө мүмкүндүк берди. Бүгүнкү күндө «Росатомдун» портфелинде шамал энергетикасы, ядролук медицина, экологиялык долбоорлор жана башка көптөгөн багыттар бар. Атомдук станциялардын айланасында көбүнчө атомдук технологияларга түздөн-түз тиешеси жок, бирок инфраструктура үчүн маанилүү болгон кошумча тармактар өнүгөт. Мисалы, санариптик продукциялар жана маалыматтарды сактоо системалары.

Атомдук электр станциялары тарабынан өндүрүлгөн туруктуу жана аба ырайына көз каранды эмес энергия маалыматтарды иштетүү борборлорун өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз мындай борборлорду Россиядагы өз АЭСтерибиздин жанында куруп жатабыз жана ушундай эле сунуштарды өнөктөштөрүбүзгө сунуштоого даярбыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын дагы бир келечектүү багыты — бул аддитивдүү технологиялар жана 3D-басма. Биз атомдук станциялар үчүн жабдууларды өндүрүүдө металл менен басып чыгарууну колдонуп жатабыз. Бир нече жыл мурун мүмкүн эмес болуп көрүнгөн нерсе бүгүн чындыкка айланды. Бул технологиялар Кыргызстандын өнөр жайында жана энергетикасында, анын ичинде энергетикалык системаны модернизациялоодо кеңири колдонулушу мүмкүн.

— Кыргызстандагы энергетиканын учурдагы абалын жана өнүгүү карай кадамын кандай баалайсыз? Кайра жаралуучу энергия булактары тармагында кандай долбоорлор иштелүүдө?

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетика системасы өтө ыкчам темп менен өнүгүп жатат десем болот. Акыркы жылдары кайра жаралуучу энергетика тармагында олуттуу секирик жасап, күн электр станцияларынын долбоорлорун ишке ашырууда.

Дмитрий Константинов: Атомдук технологиялар боюнча бардык суроолорго ачык жооп берүүгө даярбыз — иллюстрация

Биз өз тарабыбыздан Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 100 МВт болгон өлкөдөгү биринчи өнөр жайлык шамал паркын курууга кириштик. Бул биздин республикадагы флагмандык долбоорлорубуздун бири. Бүгүнкү күндө «Росатом» Россиядадын шамал парктарын куруу жана иштетүү боюнча эң ири оператор болуп саналат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниянын шамал парктарынын жалпы кубаттуулугу болжол менен 1,2 ГВтка жетти.

Мындан тышкары, биз чакан гидроэнергетика долбоорлоруна активдүү катышып жатабыз. Кыргызстан үчүн чакан ГЭСтер эки маанилүү маселени чечет. Биринчиси, электр энергиясынын тартыштыгын жарым-жартылай жабуу. Экинчиси, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү. Мындай долбоорлордун көбү жергиликтүү кыргызстандык компаниялар тарабынан ишке ашырылууда. Биз аларга технологиялык, уюштуруучулук жана эксперттик колдоо көрсөтүп жатабыз.

— Кыргызстанда күн, шамал жана суу тармагында чоң потенциал бар болсо, эмне үчүн атом энергетикасын өнүктүрүү зарыл?

— Электр энергиясына болгон суроо-талап тездик менен өсүп жатат жана бул тенденция дагы күчөй берет. Учурда масштабдуу санариптештирүү жүрүүдө, калктын саны көбөйүүдө, электромобилдер көбөйүп жатат. Евразия өнүктүрүү банкынын божомолуна ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ар биринде энергияны керектөө көлөмү аны өндүрүү мүмкүнчүлүгүнөн кыйла жогору өсүүдө. Эгер Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап азыркы темп менен өсө берсе, 2030-жылга карата керектөө 21,6 миллиард киловатт-саатка жетиши мүмкүн. Экономиканын туруктуу иштеши үчүн аба ырайына көз каранды болбогон базалык энергия булагы керек болот. Атомдук энергетика дал ушундай булак болуп саналат. Ал эми атомдук электр станциясы суткасына 24 саат, жумасына 7 күн үзгүлтүксүз иштейт.

Кыргызстандын бийлиги энергетика тармагын диверсификациялоо жолу менен өнүктүрүүнү карап жатат. Башкача айтканда, өлкөнүн энергетикалык балансында кайра жаралуучу энергия булактары, энергетикалык системанын тарыхый өзөгү болгон гидроэнергетика жана атомдук энергетика өз ара шайкеш айкалышы керек.

— АЭС куруу темасы көп учурда кооптонуу жаратат. Элди түйшөлткөн негизги суроолордун бири аймактын жогорку сейсмикалуулугу. Бул коркунуч канчалык негиздүү?

— «Росатом» АЭСтердин коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурат. Россиялык долбоор боюнча курулган станциялар экстремалдуу тышкы таасирлерге, анын ичинде күчтүү жер титирөөлөргө туруштук бере алат. Коопсуздук эң биринчи кезекте туура аянтты тандоодон башталат. Курулуш үчүн жер тандоодо табигый кырсыктардын тобокелдиктери кылдат изилденет. Алдын ала изилдөөлөрдүн жүрүшүндө аймактагы көп жылдык сейсмикалык маалыматтар, суунун деңгээли жана башка факторлор талданат. Андан кийин тандалган аянтта долбоорлоо этабында дагы кошумча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Топтолгон бардык маалыматтар курулуш иштеринде негизги ролду ойнойт.

Дмитрий Константинов: Атомдук технологиялар боюнча бардык суроолорго ачык жооп берүүгө даярбыз — контекст события

«Росатомдун» табигый кырсыктар көп кездешкен аймактарда объекттерди куруу жана пайдалануу боюнча чоң тажрыйбасы бар. Мисалы, 1988-жылы сейсмикалык өзгөчөлүктөр эске алынып долбоорлонгон Армения АЭСи күчү 7 баллга жакын болгон Спитак жер титирөөсүнө туруштук берген. Сейсмикалык силкинүүлөргө каршы фундамент менен жабдууларды бекем бириктирген гидроамортизаторлор колдонулуп, алар жабдуулардын жылышына жол берген эмес.

Дагы бир мисал келтирсем, Индиядагы «Куданкулам» атомдук электр станциясы. Анын жайгашкан жери кылдат тандалып алынган. Шри-Ланка аралы Индия океанынан келе турган эң күчтүү цунами жана табигый кырсыктардын таасирин азайтат. Сейсмикалык коргоо чараларынын натыйжалуулугунун заманбап мисалы катары Түркиядагы «Аккую» АЭСин айтууга болот. 2023-жылдын башында өлкөдө катуу жер титирөө болгонуна карабастан, станция жабыркаган эмес. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгынын маалыматына ылайык, АЭС жайгашкан Мерсин провинциясы жер титирөө коркунучу эң төмөн аймактардын бири болуп эсептелет. Ошол эле учурда долбоор 9 баллга чейинки жер титирөөгө эсептелип курулган.

Эгер Кыргызстан үчүн каралып жаткан аз кубаттуу атомдук станция тууралуу айта турган болсок, анда сунушталып жаткан реакторлор Россиянын атомдук муз жаргыч кемелеринде көп жылдан бери колдонулуп келет. Кеме реакторлору башынан эле 9 баллдык бороон-чапкындарга жана туруктуу термелүүлөргө туруштук берүү үчүн долбоорлонгон. Алар конструкциялык жактан күчтүү тышкы таасирлерден корголгон. Бул өзгөчөлүктөр сейсмикага туруктуу курулуш чечимдери менен айкалышып, коопсуздук системаларынын көп жолу кайталанышына шарт түзөт.

— Кыргызстанда ядролук технологиялар боюнча адистерди даярдаган окуу жайлар жок. Эгер станция курулса, аны тейлей турган кадрлар кайдан чыгат?

— Бул атомдук энергетиканы жаңыдан өнүктүрө баштаган өлкөлөр үчүн кадимки эле көрүнүш. Бирок Россия менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыктын алкагында адистерди нөлдөн баштап даярдоого мүмкүнчүлүк берген атайын программалар бар. Кадрларды даярдоо узак мөөнөттүү процесс. Биздин тажрыйбада адистерди окутуу объект пайдаланууга берилгенге чейин болжол менен 10 жыл мурда башталат.

Дмитрий Константинов: Атомдук технологиялар боюнча бардык суроолорго ачык жооп берүүгө даярбыз — фото 4

Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги «Росатом» менен кызматташтыктын алкагында чет өлкөлүк студенттер үчүн атомдук жана ага байланыштуу адистиктер боюнча квоталарды бөлүп келет. Студенттер Москва, Санкт-Петербург, Томск, Нижний Новгород, Обнинск жана башка шаарлардагы алдыңкы университеттерде билим алышат. Мындан тышкары, аларга Россиянын атомдук өнөр жайындагы иштеп жаткан объекттерде практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Росатом» өнөктөш өлкөлөрдө өзгөчө билим берүү демилгелерин дагы ишке ашырып келет. Мисалы, 2019-жылы Ташкент шаарында Россиянын Улуттук изилдөөчү өзөктүк университети — МИФИнин алгачкы чет өлкөлүк филиалы ачылган. Бүгүнкү күнгө чейин бул окуу жай 160тан ашык бакалаврды бүтүрүп чыгарды. Алардын көбү Москвадагы башкы окуу жайда магистратурада окуусун улантса, айрымдары Өзбекстандын энергетика тармагында, өзгөчө өлкөнүн атомдук программасын ишке ашырып жаткан «Узатом» агенттигинде иштей башташкан.

Өзбекстандан кийин МИФИнин филиалы Казакстанда дагы ачылган. Быйыл ал жерден алгачкы бакалаврлар окуусун аякташат. Учурда ал жерде 145 студент билим алууда.

Биз ошондой эле аялдардын инженердик жана жогорку технологиялык тармактарга көбүрөөк тартылышын колдойбуз. «Росатомдо» аялдардын атайын коомчулугу иштеп, стереотиптерди жоюуга көмөктөшөт.

Баса, өткөн жылы Россияда дүйнөдөгү биринчи аял атомдук муз жаргыч кеменин капитаны пайда болду. Биз татаал технологиялык тармактарда гендердик чектөөлөр жок экенин көрсөтүүгө аракет кылабыз. Баары адамдын каалоосуна жана кесиптик даярдыгына жараша болот.

— Аз кубаттуу атомдук станциянын долбоорун ишке ашыруунун болжолдуу мөөнөтү кандай? Ошондой эле күмөн санаган жарандар менен диалог кантип жүргүзүлөт?

— Атомдук объект куруу узак мөөнөттүү долбоор. Адатта даярдык иштерине, башкача айтканда изилдөөлөргө, курулуш аянтын тандоого жана долбоорлоого 2–3 жыл кетет. Андан кийин курулуштун өзү дагы болжол менен 5–6 жылга созулат. Жалпысынан алганда мындай долбоорду ишке ашырууга орто эсеп менен 8 жылдай убакыт талап кылынат. Электр энергиясынын тартыштыгы өсүп жатканын эске алганда, бул багыттагы конкреттүү иштерди жакын арада баштоо зарыл.

Ошол эле учурда Кыргызстандын жетекчилиги мындай ири долбоор боюнча чечимдер сөзсүз түрдө кылдат жана калктын пикирин эске алуу менен кабыл алынышы керектигин белгилеп келет. Ошондуктан биз КР Энергетика министрлиги менен биргеликте маалыматтык жана агартуу иштерин жүргүзүп жатабыз жана муну мындан ары дагы улантабыз. Семинарларды өткөрөбүз, мектептерде атомдук сабактарды уюштурабыз, илимий-популярдуу тасмаларды көрсөтөбүз. Ошондой эле кыргызстандык журналисттерди Россиянын атомдук өнөр жайындагы объекттерге чакырып, алар технологиялардын коопсуздугун өз көздөрү менен көрүшүнө шарт түзөбүз. Бул иштер адамдар маалыматты соцтармактардагы уламыштардан эмес, ишенимдүү булактардан алышы үчүн маанилүү.

Биз Бишкекте гана эмес, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана башка облустардагы тургундардын бардык суроолоруна ачык жооп берүүгө даярбыз.

Учурда мен өзүм дагы кыргыз тилин үйрөнүп жатам. Максатым жергиликтүү калк менен түз сүйлөшүп, Россиянын атомдук станцияларында колдонулган заманбап жана коопсуз технологиялар тууралуу айтып берүү.

Маектешкендер: Владимир Банников, Эльвира Сатыбекова

Теги: росатом
Scroll to Top