Мэрия: «Мадинагы» өрттүн чыгымы боюнча алдын ала эсептер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди

01.10.2026 | 16:14
Мэрия: «Мадинагы» өрттүн чыгымы боюнча алдын ала эсептер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарынын мэриясы «Мадина» базарындагы өрттүн кесепетинен улам келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы эсептелип, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин билдирди. Маалыматка ылайык, баштапкы эсептөөлөрдү Свердлов райондук администрациясы жүргүзгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу жагдайларын жана ага жооптуу адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланып жатат. Мындан улам мэрия жабыркагандарга компенсация төлөнбөйт деп айтууга азырынча эрте экенин билдирди.

“Мындан аркы төлөмдөр жана компенсациялар маселеси тиешелүү тергөө жана текшерүү иш-чаралары аяктап, келтирилген чыгымдын акыркы өлчөмү аныкталгандан кийин каралат”,- деп маалымдады мекеме.

Эске салсак, 30-август күнү эртең менен Бишкек шаарындагы «Мадина» базарында ири өрт чыгып, көптөгөн соодагерлер жабыркаган. Мэрия өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан чыгышы мүмкүн экенин билдирген. кийинчерээк борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев бул окуя боюнча комментарий берип, мамлекет башчысы чыгымдын көлөмүн жана жабыркаган ишкерлердин санын аныктоону тапшырганын билдирген.

Scroll to Top