Бишкекте диктор Тамара Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

30.09.2026 | 15:10
Бишкекте диктор Тамара Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү — Новости Кыргызстана
Бишкекте диктор Тамара Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү — иллюстрация
Бишкекте диктор Тамара Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү — контекст события
Бишкекте диктор Тамара Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү — фото 4

Бүгүн, 30-сентябрда, Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргызстандын эл артисти, көрүнүктүү диктор Тамара Бакиева-Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ал 28-сентябрда 83 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Эскерүү зыйнатында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Мамытканов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев сөз сүйлөп, маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтышты. Ошондой эле Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Улан Сатиев, эл жазуучусу Кайрат Иманалиев, эл артисти Гүлшан Молдоева жана жакындарынын атынан Марат Жаманбаев чыгып сүйлөштү.

Тамара Жаманбаева 1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган. Ал 1959-жылы Кыргыз телевидениесинде диктор болуп ишин баштап, телерадио тармагында редактордук жана жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Анын журналисттерди жана дикторлорду даярдоодогу иши белгиленип, Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылган.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяктагандан кийин Тамара Жаманбаеванын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top