«Кыргызкөмүр» кыртышты ачуу иштери боюнча беш жылдык рекордду жаңылады

Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, «Кыргызкөмүр» ААКсы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча акыркы беш жылдагы рекорддук көлөмдөгү кыртышты ачуу иштерин аткарды — 5 миллион 314,1 миң куб метр. Бул алдыдагы жылытуу мезгилинде көмүрдү туруктуу казып алууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Маалыматка ылайык, кыртышты ачуу иштеринин көлөмү өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 1,6 эсеге ашты (ал кезде 3 миллион 291,6 миң куб метр иш аткарылган).

Компаниядан белгилешкендей, көрсөткүчтөрдүн өсүшү өндүрүштү натыйжалуу пландаштыруунун, иштерди туура уюштуруунун, заманбап тоо-кен техникасын өз убагында пайдалануунун, ошондой эле инженердик-техникалык кызматкерлердин кесипкөй эмгегинин натыйжасы болду.

Кыртышты ачуу иштери көмүр казууга даярдык көрүүнүн негизги баскычтарынын бири болуп саналат. Ишканадан баса белгилешкендей, аларды алдын ала аткаруу күз-кыш мезгилинде отунду үзгүлтүксүз казып алууну камсыз кылууга жана зарыл болгон өндүрүштүк корлорду калыптандырууга шарт түзөт.
«Кыргызкөмүрдөн» кошумчалашкандай, жетишилген натыйжалар алдыдагы жылытуу мезгилинде калкты жана жылуулук-энергетикалык ишканаларды көмүр менен туруктуу камсыз кылууга өбөлгө түзөт.