Кыргызстандын саламаттыкты сактоо бюджети 52 млрд сомго чейин өстү

Медицина кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөдөгү медицинанын акыркы беш жылдагы өнүгүүсүн мүнөздөгөн негизги көрсөткүчтөрдү сунуштады. Тармакты бюджеттик каржылоонун 2,4 эсеге: 2021-жылдагы 21,5 млрд сомдон 2025-жылы 52 млрд сомго чейин көбөйүшү башкы көрсөткүч болуп калды.
Жогорку технологиялык жардамга өзгөчө көңүл бурулду: бул багытка бюджеттик чыгымдар беш жыл ичинде дээрлик 15 эсеге — 163 миллиондон 2,4 миллиард сомго чейин өстү. Бул татаал операцияларды жолго коюуга мүмкүндүк берди: эгер өткөн жылы өлкөдө 26 бөйрөк трансплантациясы жасалган болсо, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле ушундай 16 операция аткарылды. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө 4200 жаран туруктуу негизде өмүр үчүн маанилүү гемодиализ процедурасын алууда, буга мамлекет 3,4 млрд сом бөлүп жатат.
Беш жыл ичинде республикада 21 медициналык объект пайдаланууга берилди, ал эми дагы 42 имараттын курулушу активдүү жүрүүдө. Каржылык колдоонун масштабы айлык акылардын өсүшү менен да тастыкталат: үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып эле медиктердин кызматтык маяналарын кезектеги жогорулатууга казынадан кошумча 18,5 млрд сом багытталды