Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исраилов Кыргызстанга электромобилдерди алымсыз ташып келүүгө квотаны дагы 10 миң унаага көбөйтүүнү сунуштады. Ал парламенттин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылды.
Парламентарий жыл башында Кыргызстанга 15 миң электромобилди ташып келүүгө квота берилгенин эске салды. Кийинчерээк квота дагы 10 миң унаага көбөйтүлгөн. Ошентип, 2026-жылга карата квотанын жалпы көлөмү 25 миң электромобилге жеткен.
Исраиловдун айтымында, кошумча берилген квота бир айдан бир аз ашык убакытта түгөнгөн. Ошол эле учурда учурда Кытай менен чек арада Кыргызстанга киргизүүнү күтүп жаткан дагы көптөгөн электромобилдер турат.
Депутат электромобилдердин санын көбөйтүү экологиялык жактан да маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, кыш мезгилинде смогдун себептеринин бири катары автоунаалардан чыккан түтүн айтылып келет.
Мындан тышкары, Исраилов бензиндин баасы кымбаттап жаткан шартта электромобилдерди пайдалануу калк үчүн экономикалык жактан пайдалуу экенине көңүл бурду.
Буга байланыштуу депутат Евразия экономикалык бирлигинин алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстан үчүн дагы 10 миң электромобилге кошумча квота бөлдүрүүнү сунуштады.