Кыргызстан Кытайдын улуттук ири мунай корпорациялары менен кызматташууну тереңдетүүдө

Бүгүн, 23-сентябрда, Пекин шаарында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын (CNPC) жетекчиси Дай Хоулян жана Кытай мунай жана химиялык корпорациясынын (Sinopec) жетекчиси Хоу Цицзюн менен жолукту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу, кендерди чалгындоо жана иштетүү, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын чек арасынын ортосунда мунай продуктуларын өткөрүүчү куур тартуу долбоорлорун карашкан.

Бул жолугушуу өлкө башчы Садыр Жапаровдун өлкөнү мунай продуктулары менен камсыздоо боюнча тапшырмасынын негизинде өткөн. Учурда кыргызстандык компаниялар аталган корпорациялар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде күйүүчү май ташып келишет.
Жолугуушууларда ошондой эле кыргызстандыкы ишкерлер менен кытайлык компаниялардын ортосунда кошумча келишимдерди түзүү маселелери каралган. Мындан тышкары, транспорттук чыгымдарды азайтуу максатында «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин аймагында мунай базаларын куруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.