«Батыш ишеним кризисине кабылды» — ЕАЭБдин товардык-чийки зат биржасынын башчысы

22-сентябрда «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борборунун аянтчасында өткөн «ШКУ жана БРИКС саммиттеринин жыйынтыгы: каржылык-экономикалык автономиянын жана суверенитеттин келечеги» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө ЕАЭБдин товардык-чийки зат биржасынын президенти Михаил Петров санкциялардын соодага тийгизген таасири, көз карандысыз каржы системасын түзүүнүн келечеги жана Кыргызстандын эл аралык транспорттук каттамдарды өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
Кыргызстан санкциялардын шартында иштөө менен каржылык эгемендүүлүккө умтулууну кантип айкалыштырышы керек деген суроого жооп берип жатып, Петров санкция киргизген тараптардын максаты — иш жүзүндө сооданы чектөө экенин билдирди. Анын айтымында, каалаган товарга 500% өлчөмүндө бажы алымын салуу сооданын таптакыр токтошун билдирет.
«Чындыгында, бул эми жөн гана санкция эмес, ачык эле тыюу салуу», — деп белгиледи ал.
Петровдун пикиринде, Батыш ар кандай соода ишинде негизги ролду ойногон ишеним кризисине кабылды. Ал батыш өлкөлөрү мындай аракеттери менен өздөрүнүн жеке соода системасын чектөөдө деп эсептейт.
Ошол эле учурда, эксперттин айтымында, Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн алдында карама-каршы милдет турат: жөн гана аман калуу эмес, улуттук экономикаларды андан ары өнүктүрүүнү улантуу. Бул үчүн өздүк каржы куралдарын түзүү зарыл.
Буга мисал катары Петров Бельгиянын Euroclear системасында 300 миллиард долларга жакын орусиялык активдердин камакка алынышын келтирди. Анын көз карашында, бул мурдагы батыштык каржы системасына, анын ичинде биржалык механизмдерге жана SWIFTке болгон ишенимдин кыйраганын бүткүл дүйнөгө көрсөттү.
Биржалык котировкалардын бирдиктүү борбору
Петров өздүк рыноктук инструменттерди түзүү биринчи кезектеги милдеттерден болушу керек деп эсептейт. Ал БРИКС жана ШКУ саммиттеринде ар кандай сооданын негизи болгон — адилеттүү бааларды аныктай турган аянтчаларды калыптандыруу маселеси буга чейин эле талкууланганын эске салды.
Анын айтымында, каалаган биржалык системанын башкы функциясы — товарлардын адилеттүү наркын аныктоо. Бирок ар кайсы өлкөлөрдүн биржаларын бирдиктүү бир системага бириктирүү иш жүзүндө мүмкүн эмес, анткени алардын ар бири өз кардарлары жана өнөктөштөрү менен иштөөгө көнүп калган.
Мунун ордуна Петров биржалык маалыматтарды фактылык көрсөткүчтөрдү каттап, ачык жарыялап тура турган бирдиктүү бир борборго топтоону сунуштады.
Эксперт ар бир биржа котировкаларды жарыялап турарын түшүндүрдү. Анын пикиринде, дал ушул маалыматтарды евразиялык өлкөлөрдүн, ШКУ жана БРИКС мамлекеттеринин бардык биржаларынан чогултуу зарыл. Бул сооданын катышуучуларына ар кайсы базарлардагы негизги товарлардын наркын так билүүгө шарт түзөт.
Мындай борборду Евразия континентинин убакыт алкактарын эске алуу менен жайгаштыруу эң ыңгайлуу болот дейт Петров. Бул эртең менен жана кечи бирдей убакта келген өлкөлөргө актуалдуу котировкаларды көрүп турууга жана баанын үзгүлтүксүз калыптанышын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Алтын улуттук валюталардын жалпы эквиваленти катары
Улуттук валюталардагы эсептешүүлөр тууралуу айтып жатып, Петров бир дагы өлкө өз акчасын чыгаруу боюнча суверендүү укугунан баш тартпай турганын белгиледи. Андыктан, анын пикиринде, узак жылдар бою алтын аткарып келгендей, жалпы эквивалент керек.
Эксперт мындан бир нече жыл мурун алтын сактагыч түзүүнү сунуштаганын эске салды. Анда белгиленген тартипти сактоо менен өлкөлөр ортосундагы улуттук валюталардын алмашуусун камсыз кыла турган күрөөлүк куймалар сакталышы мүмкүн.
Петровдун айтымында, мындай механизм келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылышына кепилдик берүүгө жол ачат.
«Миң тонналык сактагыч жакшы, бирок он миң тонналык болсо андан да жакшы болмок. Убакыттын өтүшү менен ар кайсы өлкөлөрдүн каражаттарын алтын түрүндө сактоо зарылдыгы келип чыгат деп эсептейм», — деди ал.
Жүктөрдү камсыздандыруу жана транспорттук каттамдарды өнүктүрүү
Петров дагы бир маанилүү багыт катары камсыздандырууну атады. Ал биржалык котировкалар баарынан мурда жүктүн камсыздандыруу наркын аныктоо үчүн, ал эми экинчи кезекте гана өз ара эсептешүү куралы катары керектигин түшүндүрдү.
Анын айтымында, ири көлөмдөгү товарларды ташууда камсыздандыруу зарылдыгы сөзсүз жаралат. Буга байланыштуу эксперт камсыздандыруу компаниялары өнүгүп, камсыздандыруу сыйлыктарынын өлчөмүн жүктүн наркынын 1–1,5%ынан 0,1%ына чейин төмөндөтүшү керек деп эсептейт.
Петров мындай деңгээлге жетүү камсыздандыруу компанияларына ири эл аралык транспорттук долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенет.
Ал ошондой эле азыр Кыргызстан аркылуу темир жол салынып жатканын, Казакстанда транспорттук каттамдар өнүгүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, эксперт Ооганстан аркылуу жол ачылат деген үмүтүн билдирип, Пакистан аркылуу каттам ачылып калганын кабарлады.
Петровдун пикиринде, бул багыттарды өнүктүрүү чөлкөм өлкөлөрүн Жибек жолу идеясына кайтарат жана кылымдар бою ушул жолдор аркылуу соода жүргүзгөн ата-бабалардын тажрыйбасын колдонууга жол ачат.
Алтынга жана биржалык котировкаларга таянган банк
Петров ар кандай биржалык система баарынан мурда адилеттүү баа түзүүнү камсыз кылышы керектигин баса белгиледи.
Анын пикиринде, өз кызматтары үчүн эң төмөнкү пайызды гана алып, алтын сактагычка жана биржалык котировкаларга таянган банк натыйжалуу каржы куралына айлана алат.
Эксперт өзү сунуштаган бул үч инструментти ишке киргизүү Лондондо, Нью-Йоркто жана Вашингтондо кабыл алынган чечимдерден, анын ичинде санкциялык чектөөлөрдөн көз карандылыкты бир топ азайтууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.
«Золотая коронага» каршы санкциялар жана мигранттардын которуулары
Тегерек столдун жүрүшүндө Петровго «Золотая корона» акча которуу системасына каршы санкциялар жөнүндө да суроо берилди. Иш-чаранын уюштуруучусу киргизилген чектөөлөр ири компаниялар менен банктарга гана эмес, Орусиядан Кыргызстанга акча которгон эмгек мигранттарына жана карапайым жарандарга да таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
Акча которуулардын келечеги тууралуу суроого жооп берип жатып, Петров «Золотая корона» боюнча абалды өтө эле курчутуп жибербөөгө чакырды.
Ал бул көптөгөн акча которуу системаларынын бири гана экенин жана Кыргызстандын банктарында эле мындай системалардын 16га жакыны иштеп жатканын белгиледи.
Эксперт ошондой эле эл 1990-жылдардагы өлкөнүн тарашы жана экономиканын кыйрашы сыяктуу кыйынчылыктарды баштан кечиргенин эске салды. Анын айтымында, бул тажрыйба мындай соккулардан эч ким корголбогонун көрсөттү.
Буга байланыштуу Петров чөлкөм өлкөлөрүнүн эгемендигин чындап камсыздай турган өздүк көз карандысыз каржы системасын түзүү зарылдыгын дагы бир ирет баса белгиледи.
Анара Мамытова