КУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коёт

Екатеринбург шаарында өтүп жаткан Эл аралык жаштар фестивалынын алкагында Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин колдоосу менен «Маданияттар диалогу» АКУ (автономдуу коммерциялык эмес уюму) менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.
«Маданияттар диалогу» уюмунун өкүлдөрү жана КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору биргелешкен пландарды талкуулап, App Store жана Play Market дүкөндөрүндө кыргыз тилинде жеткиликтүү болгон орус тилин үйрөнүүчү «Слово за словом» аттуу акылдуу тиркемени — жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча макулдашышты. Келишим университеттин ректору Догдурбек Токтосартович Чонтоевге кол коюу үчүн тапшырылды — документ Кыргызстанга жөнөтүлүп, ал жакта расмий деңгээлде кол коюлат. Андан кийин платформа КУУда ишин баштап, студенттер заманбап технологиялардын жардамы менен орус тилин үйрөнө алышат.
Фестивалда Reporter.kg басылмасынын кабарчысы менен Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин тышкы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык департаментинин директору Евгений Лосев маек куруп, долбоордун келип чыгуу тарыхы тууралуу айтып берди:
«Кыргызстан менен буга чейин эле узак мөөнөттүү мамилелер түзүлгөн, Кыргызстан биздин салттуу өнөктөшүбүз болуп саналат».

Анын айтымында, Россотрудничество жана башка уюмдар билим берүү долбоорлорун көптөн бери ишке ашырып келе жатат, бирок мындай платформанын мобилдик версиясы буга чейин болгон эмес:
«Биз Министрлигибиздин сайтында коммерциялык эмес долбоорду ишке ашыруу боюнча сынак жарыялаганбыз».
«Маданияттар диалогу» социалдык жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу жана өнүктүрүү борбору» АКУнун директору Александр Измайлов да Reporter.kg басылмасынын кабарчысынын суроолоруна жооп берип, тиркеменин иштөө принциптерин түшүндүрдү:
«Колдонуучу катталып жатып, алгачкы тесттен өтөт. Жасалма интеллект анын билимин аныктап, жеке өзүнө ылайыкташтырылган программаны тандап берет. Биздин тиркемеде колдонуучу Россияны тарых, маданият, билим берүү, илим жана жаратылыш аркылуу таанып биле алат».
Анын айтымында, колдонуучу өзүнө керектүү багытты да тандай алат — мисалы, эгер ал Россияга саякаттоону, билим алууну же иштөөгө барууну пландап жатса. Тиркемеде геймификация элементи да камтылган:
«Тиркемеде дүйнөлүк рейтинг бар. Колдонуучу сабактардан өтүп, ар кандай тапшырмаларды аткарып, упайларды топтойт. Бул упайлар жалпы жеткиликтүү болуп, ар бир колдонуучу өзү кайсы орунда турганын көзөмөлдөй алат, ошентип бул жерде спорттук кызыгуу да пайда болот».
Учурда тиркеме сегиз тилде жеткиликтүү. Кабарчынын алардын арасында эмне үчүн кыргыз тили бар экени тууралуу суроосуна Измайлов төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:
«Кыргыз тили бул жерге биз Кыргызстанда ар кандай долбоорлорду: билим берүү, тарыхый, маданий, спорттук долбоорлорду ишке ашырып жатканыбыздын негизинде киргизилди».
Тиркемени мектеп окуучусу да, студент да, чоң киши да колдоно алат — жасалма интеллект татаалдык деңгээлин ар бир адамга жекече ылайыкташтырат. Платформа толугу менен акысыз жана ар бир кыргызстандык үчүн жеткиликтүү.
Долбоорду Свердлов облусунун өкмөтүнүн колдоосу менен «Маданияттар диалогу» АКУ ишке ашырууда, ал эми усулдук жагынан Урал мамлекеттик экономикалык университети көмөк көрсөтөт.