Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даяр эмес — Кендирбаева

Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даяр эмес — Кендирбаева

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүүгө өтүү демилгесине карата пикирин айтты.

Ал  Кыргызстан учурда мектеп билим берүү системасын өзгөртүүгө даяр эмес деп эсептейт.

“Бүгүнкү күндөгү проблемаларды чечип алгандан кийин гана 12 жылдык билим берүүгө өтсөк болот. Бул – окуу усулдары, педагогтор жана материалдык-техникалык база”, — деди Догдуркүл Кендирбаева.

12 жылдык билим берүүгө өтүү демилгесин мурдакы министр Алмазбек Бейшеналиев көтөргөн. Ал реформаны 2023-2024 окуу жылынан баштамай болгон.  Бирок аткаминер 2022-жылдын сентябрь айында пара менен кармалып, кызматтан бошотулган.

Министрликтин кийинки жетекчиси Каныбек Иманалиев 12 жылдык билим берүү боюнча оюн ачык билдирген эмес. Ал 2023-жылдын күз айларында билим берүү жаңы концепциясын сунуштап, анын алкагында пикирин айтмакчы болгон. Каныбек Иманалиев сентябрь башында иштен алынды.

Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен Догдуркүл Кендирбаеваны билим берүү жана илим министри кылып бекитти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>