Ташиев: Криминал башын көтөрө турган болсо, башын кыя чабабыз (видео)

Ташиев: Криминал башын көтөрө турган болсо, башын кыя чабабыз (видео)

Бүгүн, 5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев капиталдык оңдоодон өткөн УКМКнын Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармоо учурунда жок кылынышы боюнча үн катты.

Анын айтымында, кармоо учурунда Көлбаев УКМКнын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүп, ок аткан.

«Мен УКМКнын башчысы катары бир нече жолу «мыйзамды бузгандар мыйзам чегинде жазаланат» деп эскерткем. Ага карабсатан кечээ (4-октябрда) болгон окуяда криминалитет башын көтөрүп, УКМКнын жүргүзүп жаткан атайын операциясына каршы чыгып, биздин кызматкерлерге ок атып, кол көтөргөнүн билесиздер. Ушул убакка чейин коомубузду ар түрдүү маселелер боюнча кармап жүргөн мыйзамдагы ууру (Камчы Көлбаев – ред.) жок кылынды. Урматтуу кызматкерлер, мындан ары да ушундай болот. Мен кечээги кримтөбөлдүн тегерегиндеги адамдарга дагы бир жолу айтам, эгер кимдир бирөө мыйзам бузуу аракетин жасаса, мыйзам чегинде жазасын алат. Өтө катуу жаза алат. Бир криминал башын көтөрө турган болсо, башын кыя чабабыз», — деди ал.

Ал мыйзам бузууларга жол берилбей турганын билдирди.

«Биздин урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич башында турган саясий команданын өлкөбүздө мыйзам, тартип орнотуп, мыйзам менен жашоого толук саясий эрки жетет жана биз муну аткарабыз. Мамлекеттин мыйзамдарына каршы өздөрүнүн мыйзамдарын, схемаларын, коомдогу өздөрүнүн тартиптерин ойлоп таба турган кайсы бир топтор чыга турган болсо, дагы бир жолу айтам, мыйзам чегинде жазасын алышат», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>