Кыргызстан тоолуу өлкөлөр үчүн COP31де эл аралык программа сунуштады

БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 31-конференциясында (COP31) Кыргызстан 2027–2032-жылдарга карата «Тоолуу өлкөлөрдүн органикалык аймактары — топурактын жана экосистемалардын көмүртек потенциалы, климат жана азык-түлүк коопсуздугу» аттуу эл аралык программаны ишке ашыруу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сунуш 10-ноябрда Антальяда органикалык айыл чарбага арналган тематикалык иш-чарада айтылды. Аны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурган. Иш-чараны министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев ачты. Ал органикалык дыйканчылык жаатындагы мамлекеттик саясат, «Органикалык аймактар» демилгеси жана Кыргызстанда органикалык өндүрүштү өнүктүрүүнүн 2025–2029-жылдарга карата программасы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, органикалык өндүрүш жерлерди калыбына келтирүү, тоо экосистемаларын сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн маанилүү.
Маалыматка ылайык, жаңы программа тоолуу мамлекеттерди, эл аралык уюмдарды, илимий коомчулукту жана каржы институттарын бириктирүүгө багытталган. Ал тоолуу өлкөлөрдө пилоттук органикалык аймактарды түзүүнү, топурак менен экосистемалардын көмүртекти сиңирүү жана топтоо жөндөмүн баалоо үчүн климаттык мониторинг системасын иштеп чыгууну, ошондой эле эл аралык климаттык фонддордон жана инвестициялык институттардан каражат тартууну карайт.
«Органикалык аймактар» демилгеси экологиялык жактан таза продукция өндүрүүнү кеңейтүүнү, топурактын асылдуулугун калыбына келтирүүнү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону, сууну сарамжалдуу пайдаланууну, сууну үнөмдөөчү жана климатка туруктуу технологияларды киргизүүнү, ошондой эле жергиликтүү фермерлер менен кайра иштетүүчү ишканаларды колдоону сунуштайт. Министрликте белгилешкендей, тоолуу өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине, анын ичинде жерлердин деградациясына, суу ресурстарынын азайышына жана айыл чарбасынын туруктуулугунун төмөндөшүнө өзгөчө дуушар болушат.
Иш-чарада министрликтин, Кыргызстандын Жер жана токой пайдалануучулар ассоциациясынын, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлдөрү, ошондой эле Филиппинден Ма. Эстрелла Пенуниа сөз сүйлөштү. Катышуучулар органикалык дыйканчылык, жерлерди калыбына келтирүү, климаттык каржылоону жана инвестицияларды тартуу боюнча тажрыйба жана сунуштар менен бөлүштү.
Иш-чаранын соңунда Кыргызстан өнөктөштөрдү 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкекте өтө турган «Бишкек+25» аттуу Экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды.