Кыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя бергенТажикстанда ЖККУнун атайын бөлүктөрүнүн «Кобальт-2026» машыгуусу өтөтЧума: Саламаттык сактоо министрлиги оорунун белгилери жана алдын алуу чаралары тууралуу айтып бердиКыргызстандын эл аралык резервдери августта 8,9 млрд долларга чейин өстүКМШ жана ШКУнун аскер прокурорлору Казанда чек араларды коргоо боюнча билдирүү кабыл алышты«Мугалимге болгон урмат — өлкөнүн келечегине болгон урмат» — Садыр Жапаров
Милиция өз кызын зордуктоого шектелген жарандын кармалышы боюнча комментарий берди
04.09.2025 | 14:22

Өз кызын зордуктоого шектелип 45 жаштагы М.К. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Reporter.kgге Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
«Свердлов райондук ИИБге аял кайрылып, 16 жаштагы кызын зордуктоого шектелген 45 жаштагы М.К. аттуу күйөөсүнө чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди», – деп билдирди күч органдары.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте жаран жашы жете элек кызын зордуктады деген шек менен кармалганы маалымдалган. Жабырлануучу кыз 9-классты бүтүргөн, ал учурда мектепке барбайт. Алдын ала маалыматтар боюнча, атасы кызын биринчи жолу 5-класста окуп жүргөндө зордуктаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар