Кыргызстан Малайзия менен ойнойт. Курамага кимдер кирди?

Кыргызстан Малайзия менен ойнойт. Курамага кимдер кирди?

Кыргызстандын футбол биримдиги дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун алкагында Малайзияга каршы беттеште ойной турган өлкө курамасынын соңку курамын жарыялады.

Курамага жалпы 25 оюнчу кирди.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын курамасы 6-июнда Малайзияга жана 11-июнда Оманга каршы беттеш өткөрөт.

Курамадагы оюнчулар:

Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Артем Прядкин, Марсел Исламкулов;

Коргоочулар: Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Християн Браузман, Кайрат Жыргалбек уулу, Амантур Шамурзаев, Александр Мищенко, Саид Дациев;

Жарым коргоочулар: Гүлжигит Алыкулов, Одилжон Абдурахманов, Элдияр Зарыпбеков, Бектур Амангелдиев, Эрмек Кенжебаев, Муролимжон Ахмедов, Алимардон Шүкүров, Атай Жумашев, Бекназ Алмазбеков, Эрбол Атабаев, Магамед Узденов;

Чабуулчулар: Кай Мерк, Кожо Жоэл, Эрнист Батырканов, Нурбол Бактыбеков.

Эскерте кетсек, буга чейин кураманын окуу-машыгуу жыйынына 33 спортчу чакырылган. Алардын ичинен Арслан Бекбердинов, Адил Кадыржанов, Марлен Мурзахматов, Кими Мерк, Нурдоолот Сталбеков, Амир Жапаров, Адилет Каныбеков жана Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев соңку тизмеге кирген жок.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>