Садыр Жапаров: Санкция киргизүү укугу БУУга гана таандык болушу керек

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сөз сүйлөп жатып санкциялар темасына токтолду жана алар кээде айрым мамлекеттер тарабынан эгемен өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүнүн куралы катары колдонулуп жатканын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.
Анын айтымында, негизсиз бир тараптуу санкциялардын терс кесепеттери биринчи кезекте калыптануу баскычында турган чакан мамлекеттерге тийүүдө — мындай аракеттер эл аралык укуктун фундаменталдуу принциптерин бузат. Президент айрым ири державалар өз кызыкчылыктарын көздөп, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө басым жасап, аларды ультиматум койуу аркылуу баш ийдирүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.
Бул контекстте Садыр Жапаров АКШ президенти Дональд Трампка дүйнө жүзү боюнча өкмөттүк эмес уюмдарды каржылоону токтотуу чечими үчүн ыраазычылык билдирди.
«Фурсаттан пайдаланып, ушул багытта Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын бийликке келгенден кийинки дүйнө жүзү боюнча өкмөттүк эмес уюмдарды каржылоону токтотуу боюнча чечимин белгилеп кетким келет», — деди ал жана натыйжада «ӨЭУлардын өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ички иштерине жана саясатына кийлигишүүсү иш жүзүндө токтогонун» кошумчалады.
Садыр Жапаровдун айтымында, бул чечим мамлекеттердин эгемендүүлүгүн чыңдоого жана өнүгүү жолун өз алдынча тандоого шарт түздү.
Бул теманы улантып, Кыргызстандын президенти санкция киргизүү боюнча чечимдер БУУнун Уставына гана катуу ылайык жана Коопсуздук Кеңешинин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынышы керектигин, ал эми кайсы бир мамлекетке каршы санкция киргизүү укугу Бириккен Улуттар Уюмунун өзүнө гана берилиши зарыл экендигин билдирди.
«Биздин пикирибизде, кайсы бир мамлекетке каршы санкция киргизүү укугу баарынан мурда Бириккен Улуттар Уюмуна гана берилиши керек», — деди мамлекет башчысы.
Анын пикиринде, бул эл аралык санкциялык тутумду өркүндөтүүнүн бирден-бир жолу.
Садыр Жапаров санкциялык чаралардын мүмкүн болуучу гуманитардык, экономикалык жана социалдык кесепеттерин эске алуу менен БУУнун аларды алдын ала милдеттүү түрдө кароо механизмин киргизүүнү сунуштады. Ал ошондой эле ачык-айкындуулукту жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи: санкцияларды демилгелеген мамлекеттер алардын укуктук негиздемесин, максаттарын жана жоюу шарттарын так көрсөтүшү керек. Президенттин айтымында, БУУнун чатыры астында санкцияларга мониторинг жүргүзүү жана аларды үзгүлтүксүз кайра карап чыгуу боюнча бирдиктүү эл аралык механизмди түзүү максатка ылайык — бул, анын пикиринде, уюмдун тынчтыкты сактоодогу борбордук ролун чыңдайт жана кээ бир өлкөлөрдүн өз кызыкчылыктары үчүн башкаларга каршы санкцияларды өз билемдик менен колдонуу коркунучун жоёт.
Биздин пикирибизде, кайсы бир мамлекетке каршы санкция киргизүү укугу баарынан мурда Бириккен Улуттар Уюмуна гана берилиши керек.

Кыргыз Республикасынын Президенти