Баткенде 36-эл аралык «Өрүкзар» поэзия фестивалы башталды

18.09.2026 | 16:25
Баткенде 36-эл аралык «Өрүкзар» поэзия фестивалы башталды — Новости Кыргызстана

18–20-сентябрь күндөрү Баткен облусунун Раззаков жана Сүлүктү шаарларында 36-эл аралык «Өрүкзар» поэзия фестивалы өтүүдө. Иш-чара Раззаков шаарында Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюу менен башталды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Фестивалга Кыргызстандан тышкары Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Орусия мамлекеттеринен келген акын-жазуучулар катышууда.

Программанын алкагында Курбаналы Сабыров атындагы орто мектептин окуучулары акындын ырларын бир нече тилде окушту. Фестиваль «Сүлүктү–Белес Резорт» эс алуу борборунда уланып, анда жаш акындардын сынагы өткөрүлүп, ыр кечелери уюштурулат.

«Өрүкзар» фестивалы акын Курбаналы Сабыровду эскерүү, жаш калемгерлерди колдоо жана поэзияны жайылтуу максатында акын жана журналист Абдилаат Дооров тарабынан негизделген. Быйыл аталган иш-чара 36-жолу өткөрүлүп жатат.

Scroll to Top