УКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтАлгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттү
Июль айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 279,5 млн доллар акча которулган
22.09.2026 | 11:10

2026-жылдын июль айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 279,5 млн АКШ долларын түздү. Ал эми Кыргызстандан сыртка чыккан акча которуулардын көлөмү 24,4 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Келип түшкөн каражаттардын негизги агымы КМШ өлкөлөрүнө туура келип, 262,1 млн долларды түздү.
- Орусиядан — 253,9 млн доллар;
- Казакстандан — 5,5 млн доллар;
- КМШнын башка өлкөлөрүнөн — 2,6 млн доллар.
Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 17,4 млн доллар келип түшкөн. Анын ичинен:
- АКШдан — 12,1 млн доллар;
- Түркиядан — 0,9 млн доллар;
- Түштүк Кореядан — 0,1 млн доллар;
- Башка өлкөлөрдөн — 4,4 млн доллар.
Аталган айда Кыргызстандан жалпы 24,4 млн доллар акча каражаттар чыгарылган. Эң көп каражат КМШ өлкөлөрүнө которулуп, ал 21,8 млн долларды түзгөн. Анын ичинен:
- Россияга — 21,6 млн доллар;
- Башка КМШ өлкөлөрүнө — 0,2 млн доллар;
- Казакстанга — 0 доллар.
Ал эми өлкөдөн алыскы чет өлкөлөргө 2,6 млн доллар которулган:
- Түркияга — 1,8 млн доллар;
- АКШга — 0,4 млн доллар;
- Түштүк Кореяга — 0,1 млн доллар;
- Башка өлкөлөргө — 0,3 млн доллар.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Улуттук банк