Кыргызстан менен Кытай 11 биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү жана экономиканын негизги тармактарындагы 11 биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолугушту.
Тараптар акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы кызматташтык кыйла чыңдалганын белгилешти. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен өз ара сооданын көлөмү 27 млрд долларга жетти. «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол долбоорун ишке ашыруу улантылууда, «Бедел» өткөрүү пункту ачылып, «Бедел — Барскоон» унаа жолу курулуп жатат.
Мындан тышкары, учурда 11 ири биргелешкен долбоор ишке ашырылып жана баштоого даярдалууда. Алар айыл чарбасын, саламаттыкты сактоону, транспорттук жана бажы инфраструктурасын өнүктүрүүнү, атайын техника менен камсыздоону жана айлана-чөйрөнү коргоо иш-чараларын камтыйт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул маселелерди Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында талкуулоону улантууну, ошондой эле Кыргызстанда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында кол коюла турган документтерди даярдоону макулдашышты.