Кыргызстан менен Пакистан инвестиция жана соода жаатында кызматташууну өнүктүрөт

Бүгүн, 29-июнда, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен жолугушуу өткөрдү. Анда тараптар эки өлкө ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги талкуулашты. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле тараптар туризм, халал индустриясы, этти кайра иштетүү жана эт өндүрүү, санариптик банк кызматтары жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү карашкан.
Жолугушууда Пакистан тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана инвесторлорго көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маалымат берилген.
Равшанбек Сабиров Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана бизнес коомчулуктарынын ортосунда түз байланыш түзүүгө кызыкдар экенин белгилеген.