Камчыбек Ташиевдин жана саясатчылардын соту: Прокурор шектүүлөрдү 9 жылга кесүүнү сурады

29.06.2026 | 17:20
Суд над Ташиевым и политиками: Подозреваемых может ждать 9 лет тюрьмы — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 29-июнда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жана башка жети адамга карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүп, анда прокурорлор айыпталуучулардын ара бирине 9 жылдан абакка кесүү жазасын берүүнү сурады. Бул тууралуу ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазууда.

Соттук отурум Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда жабык түрдө өтүүдө. Маалыматтарга ылайык, бүгүнкү соттук отурумда жашыруун делген күбөлөрдүн көрсөтмөсү окулган.

Эске салсак, ушул жылдын апрелинде Ташиевге «Адамдардын тобу тарабынан бийликти күч менен басып алуу» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси менен кошо бул иш боюнча дагы жети адам өтүүдө. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу, экс-депутат Курманкул Зулушев бар.

Scroll to Top