MBANK: Алдамчылык насыялары, дропперлер жана коргонуунун үч эрежеси

Өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкеримин деп тааныштырган адамдын телефон чалуусу, дүрбөлөң — анан бир нече мүнөттүн ичинде акчаңыз жок болот. Дээрлик көпчүлүк учурда Кыргызстанда эң кеңири жайылган алдамчылык схемасы ушундай жол менен иштеп жатат. Канткенде мындай тузакка түшүп калбоо керек, эмне үчүн банк дайыма эле акчаны кайтарып бере албайт жана уурдалган каражаттар кайда кетет? Бул тууралуу MBANKтын Кардарлардын тажрыйбасы жана тейлөө департаментинин директору, 21 жылдык башкаруучулук тажрыйбасы бар эксперт Максим Калиниченко Reporter.kg басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде айтып берди.
Эмне үчүн Кыргызстан алдамчылардын тузагына айланды?
Мындан бир нече жыл мурун Кыргызстандагы алдамчылык фактылары сейрек кездешчү. Максим Калиниченконун айтымында, өлкө узак убакыт бою кылмышкерлер үчүн артыкчылыктуу багыт катары саналган эмес. Бирок Россия менен Казакстанда калктын маалыматтуулугу жогорулап, жөнгө салуучу органдардын коопсуздук чаралары күчөгөндөн кийин абал башка нукка өзгөргөн.
«Алдамчылар буга чейин өздөрү үчүн анча баалуу эмес деп эсептелген өлкөлөргө өтүүгө аргасыз болушту. 2024-жылдын ортосунан жана аягынан тартып Кыргызстандагы алдамчылык аракеттердин көлөмү кыйла өстү», — дейт Максим Калиниченко.
Ошол эле учурда эксперт акыркы убакта Улуттук банктын, атайын кызматтардын жана банктардын көрүп жаткан чараларынын аркасында алдамчылыктын азаюу тенденциясы байкалып жатканын белгилейт.
Бул кантип иштейт?
Эң кеңири тараган схема өзүн УКМКнын кызматкери же жабырлануучу иштеген мекеменин өкүлү катары тааныштырган адамдын телефон чалуусу. Алдамчылар алдын ала адамдын кайсы жерде иштей турганын билип алышат да, анын атына насыя тариздөөгө аракет болуп жатканын билдиришет.
«Адам ошол замат стресске кабылат. Ал толук кандуу терең ой жүгүртө албай, катуу тынчсыздана баштайт. Мындан пайдаланып, алдамчылардын башка мүчөлөрү ишке киришет. Алар дайыма топ болуп иштешет жана өздөрүн Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырышат», — дейт эксперт.
Калиниченко белгилегендей, Кыргызстандын Улуттук банкы жарандар же юридикалык жактар менен түз иштебейт. Бирок мекеменин аталышы адамдарга ишеним жараткандыктан, алдамчылар мындан пайдаланышат. Көп учурда алдамчылар жабырлануучудан видеоидентификациядан өтүүнү суранышат. Ошол учурда атайын программалар аркылуу телефондун экранын көзөмөлдөп, банктык тиркемедеги аккаунтка өздөрү киришет. Айрым учурларда экран көрсөтүү функциясы аркылуу келген бир жолку кодду көрүп, аны өз түзмөктөрүнө киргизип алышат.
Мындан тышкары, төмөнкү схемалар да кеңири жайылган:
- Төлөм шилтемелери жана жасалма буйрутмалар: Алдамчылар соода аянтчаларында (Lalafo ж.б.) сиздин товарга же кызматка кызыкканын айтышат же «СДЭК», «Яндекс Доставка» сыяктуу популярдуу жеткирүү кызматтарынын жасалма профилдерин түзүп, мессенджерлер аркылуу жазышат. Алар фишингдик шилтемеге өтүүнү сунушташат. Ал жерге жеке маалыматтарды киргизгенде, алдамчылар банктык эсебиңизге кирүү мүмкүнчүлүгүн алышат.
- Уюлдук операторлор — келишимдин мөөнөтүн узартуу: Алдамчылар телекоммуникация кызматкери катары чалып, паспорттук маалыматтарды тастыктоону суранышат. СМС аркылуу келген кодду сурап, аны менен жеке маалыматтарга же банктык эсептерге кирүү мүмкүнчүлүгүн алышат.
- Телеграм аккаунтун өчүрүү: “Аккаунтуңуз эреже бузгандыктан өчүрүлөт” деген жасалма шилтеме жөнөтүшөт. Аны басканда алдамчылар аккаунтка ээлик кылышат.
- Социалдык тармактардагы розыгрыштар жана дипфейктер: Белгилүү компаниялардын атынан жасалма акцияларды өткөрүп, белектерди утуу үчүн жеке маалыматтарды сурашат же комиссия төлөөнү талап кылышат.
- Жеңил жумуш: Үйдөн иштөө сыяктуу сунуштар менен катталуу акысын же окуу үчүн акча талап кылышат.
- Вирустук файл (.apk): “Бул сүрөттө сенсиңби?” деп .apk форматындагы файл жөнөтүшөт. Ал ачылганда банктык тиркемелердин маалыматтарын уурдайт.
- Инвестициялар: Жогорку киреше убада кылып, алгач акча салууну суранышат.
- Тууганыңыз кырсыкка учурады: Тууганы милицияда же ооруканада экенин айтып, тез арада акча которууну талап кылышат.
- Ижарага батир: Батирди арзан баада сунуштап, аны брондош үчүн алдын ала төлөм талап кылышат.
Сиздин атыңыздан насыя алып коюшса, эмне кылуу керек?
2024-жылдын аягында MBANK алдамчылыктын курмандыктары менен иш алып барган атайын бөлүм түзгөн. Банктын 3333 номерине чалганда үн менюсунда 1 баскычын тандоо аркылуу кардарлар кезек күтпөстөн түз эле ушул бөлүмдүн адистерине туташа алышат.

Бирок Максим Калиниченко кардар кайрылган учурда көпчүлүк учурда каражаттар банктагы эсептен чыгарылып кеткен болорун жашырбайт.
«Алдамчылар бир нече мүнөттүн ичинде эле аракет кылышат. Алардын максаты насыяны тариздеп, акчаны алып, аны мүмкүн болушунча тез башка эсептерге чыгарып кетүү. Тилекке каршы, учурлардын 99 пайызында акча эсепте болбой калат», — дейт ал.
Кардардын кайрылуусу катталгандан кийин банктын Коопсуздук жана Маалыматтык коопсуздук департаменттери иликтөөгө киришет. Ошол эле учурда жабырлануучуга укук коргоо органдарына дагы кайрылуу сунушталат.
Дропперлер деген кимдер?
Алдамчылыктын уюштуруучулары Кыргызстандан сыртта иштешет. Айрым өлкөлөрдө мындай кылмышкерлер атайын уюшулган колл-борборлор аркылуу иш алып барышат.
«Алдамчылардын дээрлик баары Кыргызстандын сыртында болушат. Биздин милиция өлкө ичиндеги дропперлер менен иштейт», — дейт эксперт.
Дроппер деген ким? Ал уурдалган акчанын биринчи алуучусу. Изин жашыруу үчүн аны майда транзакцияларга бөлүп, башка эсептерге которгон адам. Дроппер жабырлануучунун жоготуусу үчүн жоопкерчилик тартат жана мыйзам алдында жооп берет. MBANK мындай акча агымдарын көзөмөлдөп, бөгөт коё алат. Бирок экинчи же үчүнчү баскычтан кийин мыйзамдуу операция жасаган адамдар да шектүүгө айланып калышы мүмкүн. Мисалы, криптовалюта сатып, акчасын күмөндүү булактан алган жарандардын эсептери да убактылуу бөгөттөлүшү ыктымал.
Насыя берүүдө банк кардарды кантип коргойт?
Банктык тиркемеге кирүүнүн өзү эле кардардын ким экенин ырастаган этап болуп эсептелет. Алгачкы каттоодо кардар татаал видеоидентификациядан өтөт. Андан кийинки кирүүлөрдө PIN-код же биометрикалык текшерүү колдонулат.
Тиркеме аркылуу 200 миң сомго чейин насыя алууга болот.
Бирок 100 миңден 200 миң сомго чейинки насыялар үчүн атайын «тоңдуруу мөөнөтү» каралган. Бул учурда банк кардарга сөзсүз телефон чалып, насыяны өзү тариздеп жатканын тактайт. Эгер кардар телефонго жооп бербесе же арыз бербегенин айтса, насыя автоматтык түрдө жокко чыгарылат.
MBANK өз демилгеси менен айрым учурларда андан төмөнкү суммалар боюнча да кардарларга кошумча телефон чалуу жүргүзөт.
Ал эми 200 миң сомдон жогору насыя алуу үчүн сөзсүз банктын кеңсесине келүү талап кылынат. Ал жерде кызматкерлер атайын суроолорду беришет: кимдир бирөө телефон чалдыбы, насыя алууга мажбурладыбы жана башка жагдайларды такташат.
Бирок алдамчылар муну да алдын ала ойлонуп коюшкан.
«Алар жабырлануучуга: “Банкта сизге ушундай суроолорду беришет, баарына баары жакшы деп жооп бериңиз” деп алдын ала айтып коюшат. Натыйжада кардар кызматкерлердин бардык суроолоруна “баары жайында” деп жооп берет. Ал эми бир нече күн өткөндөн кийин гана эмне болгонун түшүнүп келет», — дейт Максим Калиниченко.
Жоопкерчилик кимде?
Адистин айтымында, анын алдамчылык боюнча комиссиянын курамында жеке өзү караган бардык учурларда жоопкерчилик кардардын өзүнө жүктөлгөн.
«Кардар банктык тиркемеге кирүү мүмкүнчүлүгүн өзү берген, же өз ыктыяры менен акча которгон. Албетте, биз ошол учурда адам психологиялык басым алдында болгонун түшүнөбүз. Бирок мыйзам боюнча жоопкерчилик тилекке каршы, анын өзүнө жүктөлөт», — дейт Кардарлардын тажрыйбасы боюнча директор.
Эгер банктын коопсуздук системалары бузулгандыгы далилденсе, анда жоопкерчилик банк менен кардардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Бирок эксперттин айтымында, азыркыга чейин мындай учурлар катталган эмес.

Ошол эле учурда банк ар бир окуяны өзүнчө карап чыгып, олуттуу далилдер болгондо калктын аярлуу катмардагы кардарларга мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берүүгө даяр.
Кардарга багытталган тейлөө жана жасалма интеллект
Акыркы бир жыл ичинде MBANK кардарларды тейлөө процессине жасалма интеллектти активдүү киргизди. Азыр чат-боттор эң көп берилген суроолорду оператордун катышуусуз автоматтык түрдө жооп бере алышат. Натыйжада жоопсуз калган кайрылуулардын үлүшү мурдагы 40 пайыздан ашык көрсөткүчтөн орточо 5 пайызга чейиназайды.
Банктын байланыш борбору өлкөдөгү эң ири борборлордун бири болуп саналат. Анда 500дөн ашуун кызматкер эмгектенет.
Мындан тышкары, кардарлар эми банкка барбастан эле тиркеме аркылуу арыз-даттанууларын онлайн жөнөтө алышат.
Банк ошондой эле тейлөөнүн сапатына кардарлардын канааттануу деңгээлин үзгүлтүксүз иликтеп, алынган сунуш-пикирлерди кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн пайдаланат.
«Биз үчүн ар бир терс пикир баалуу белек. Анткени ал кайсы жерди оңдошубуз керектигин көрсөтүп берет», — деп белгилейт Максим Калиниченко.
Алдамчылардан сактануунун негизги 3 эрежеси
Маектин соңунда Максим Калиниченко окурмандарга акчасын алдамчылардан коргоого жардам бере турган үч жөнөкөй, бирок маанилүү эрежени сунуштады.
Биринчи эреже – мамлекеттик органдар насыя маселеси боюнча жарандарга телефон чалышпайт.
УКМК, Улуттук банк, Финансы министрлиги жана башка мамлекеттик органдар мындай маселелер боюнча байланышпайт. Ошондой эле уюлдук байланыш операторлорунун кызматкерлери SIM-картанын же келишимдин мөөнөтүн узартуу үчүн телефон чалып, SMS аркылуу келген кодду сурашпайт.
Экинчи эреже – эгер телефон чалуу чет өлкөнүн номеринен келип жатса, өзгөчө этият болуңуз. Кыргызстандын банктарынын жана мамлекеттик органдарынын кызматкерлери кардарларга чет мамлекеттерден телефон чалышпайт.
Үчүнчү эреже – басымга алдырбаңыз. Алдамчылар атайылап эле адамды дүрбөлөңгө салып, шашылыш чечим кабыл алууга мажбурлайт. Дал ушундай учурда адамды оңой алдап кетүүгө болот.
«Коопсуздугуңуз биринчи кезекте өзүңүздүн колуңузда экенин унутпаңыз. Сабырдуулукту сактоо, жакындарыңыз менен кеңешүү жана банкка дароо байланышуу акчаңызды коргоонун эң ишенимдүү жолу», — деп жыйынтыктады Максим Калиниченко.