Кыргызстан шариатка ылайык каржы институт ачууга кызыктар

Кыргызстан шариатка ылайык каржы институт ачууга кызыктар

Кыргызстан өз ишин шариат ченемдерине ылайык так жүргүзгөн толук кандуу финансылык институт ачууга кызыктар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Дубай шаарына болгон иш сапарынын алкагында Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушуу учурунда билдирди.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан өз ишин шариат ченемдерине ылайык так жүргүзгөн толук кандуу финансылык институтту ачууга кызыкдар экендигин белгиледи. Садыр Жапаров бул максаттар үчүн республикада укуктук база бар экенин жана мындай финансылык кызматтарга кызыгуу чоң экенин баса белгилеп өттү.

Президент ошондой эле Кыргызстандагы ислам банкинги өзүнүн өнүгүүсүнүн алгачкы баскычында экенин кошумчалады. Ошондуктан 1975-жылы ачылган Дубай ислам банкынын тажрыйбасы исламдык каржылоо кызматтарын жакшыртууга маанилүү салым болмок.

Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани Садыр Жапаров белгилеген долбоорлордун маанилүүлүгүн канааттануу менен айтып, өз ара пайдалуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын изилдөө үчүн банктын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту Кыргызстанга жиберүү ниетин билдирди.

Баарлашууда ал туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду да ишке ашырууга кызыкдар экендигин ачыктады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>