Депутаттар Бишкек ЖЭБдеги учурдагы кырдаал менен таанышты

Депутаттар Бишкек ЖЭБдеги учурдагы кырдаал менен таанышты

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда көчмө жыйын өткөрүп, учурдагы кырдаал менен жеринде таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага катышкан энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБинде авария болгонго чейин иште 11 буу казан жана 7 турбогенератор болуп, жалпы кубаттуулугу 392 МВт түзгөн.

«2-февралда саат 2:59 мүнөттө буу казан цехинин имаратында жарылуу болуп, 6 буу казан агрегаты өчүрүлгөн. Бул мезгилде Бишкек шаарынын ЖЭБинде 3 жана 4 блок иштеп, кубаттуулук 196 МВтга чейин азайган», — деген Т.Ибраев ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлгөнүн белгиледи.

Министр 8-февралга карата Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 311 МВт түзгөнүн маалымдап, бүгүнкү күндө Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери калыбына келтирүү жумуштарын улантып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 6-февралдагы кезектеги жыйынында Бишкек шаарынын жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаал тууралуу маалымат угулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>