Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөт

08.10.2026 | 15:14
Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөт — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык ооруканада 7-октябрда жаңы терапия бөлүмү ачылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөт — иллюстрация
Төрт кабаттуу имарат «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесинин каражатына курулуп, жабдылганы такталды. Долбоордун жалпы наркы 80 миллион сомду, ал эми жаңы имараттын аянты 1 миң 530 чарчы метрди түзөт.

Имараттын жер төлөсүнө гематологиялык, биохимиялык жана иммуноферменттик изилдөөлөрдү жүргүзүүчү лаборатория, ошондой эле кир жуучу жай, шейшеп сактоочу бөлмөлөр жана техникалык кызматтар жайгаштырылган.

Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөт — контекст события

Биринчи кабатында текшерүү бөлмөсү, хирург, терапевт, ЛОР-дарыгер жана офтальмологдун кабинеттери, УЗИ жана ЭКГ жүргүзүүчү жайлар, процедуралык бөлмө жана административдик кабинеттер орун алган.

Экинчи жана үчүнчү кабаттар терапия бөлүмүнө бөлүнгөн. Мында бейтаптар үчүн палаталар, эки орундуу интенсивдүү терапия залы, процедуралык жана көмөкчү жайлар, ошондой эле медайымдардын посттору жабдылган.

Жаңы имарат зарыл медициналык жабдуулар жана инвентарлар менен камсыздалган. Мындан улам бейтаптар бир эле мекеменин ичинде толук текшерүүдөн өтүп, дарылана алышат.

Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөт — фото 4

Ачылыш аземине КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова катышты. Ал медициналык мекемелерди куруу жана модернизациялоо иштери мамлекеттин жана кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу менен Бишкекте да, аймактарда да жигердүү жүрүп жатканын белгиледи.

Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөт — фото 5

«Биз „Ас-Сафа“ фонду менен көп жылдардан бери кызматташып келебиз жана алардын салымын жогору баалайбыз. Сиздер ишке ашырган ар бир долбоор — Кыргызстандагы саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө жана адамдардын ден соолугуна кам көрүүгө кошкон чоң салым», — деди Ишенапысова.

Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөт — фото 6

«Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Аль-Шайя бөлүмдүн ачылышы медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана дарыгерлердин иштөө шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Scroll to Top