Кыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда стационардык, контейнердик жана көчмө автомай куюучу жайлар (АМКЖ) үчүн бирдиктүү коопсуздук эрежелерин бекитүү сунушталууда. Тиешелүү буйруктун долбоорун КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги иштеп чыкты.
Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, жаңы эрежелерди кабыл алуу зарылдыгы өрт, жарылуу, мунай продуктуларынын агып кетиши жана айлана-чөйрөнүн булгануу тобокелдиктерине байланыштуу келип чыккан.
Министрлик бирдиктүү талаптар кырсыктардын ыктымалдыгын азайтууга, май куюучу жайлардын кызматкерлеринин жана кардарларынын коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле күйүүчү майдын коромжу болушун кыскартууга өбөлгө түзөт деп эсептейт.
Долбоордогу жоболордун бири май куюучу жайларды жайгаштырууга тиешелүү. Жер үстүндөгү резервуарлары бар контейнердик май куюучу жайларды калктуу конуштардын чегинен тышкары жайгаштыруу сунушталууда. Мында өнөр жай ишканаларынын аймагындагы заправкалар үчүн гана өзгөчөлүк каралган.
Ал эми көчмө май куюучу станцияларды шаарларда, райондук борборлордо, башка калктуу конуштарда жана ишканаларда колдонууга тыюу салынат.
Ошол эле учурда мобилдик май куюучу жайлар автотрассаларда, туристтик каттамдарда, унаа токтотуучу жайларда, талаа шарттарында жана моторлуу кайыктар менен катерлер токтоочу жайларда иштей алышат. Ошондой эле аларды оңдоо иштери жүрүп жаткан же убактылуу токтотулган стационардык станциялардын аймагында пайдаланууга уруксат берилет.
Долбоор күйүүчү майды сактоо жана жабдууларды иштетүү тартибин кеңири жөнгө салат.
Атап айтканда, төмөнкүлөр каралган:
- күйүүчү май резервуарларын сыйымдуулугунун 95%ынан ашык эмес толтуруу;
- резервуар 90%га толгондо автоматтык түрдө иштеп кетүүчү жарык жана үн сигнализациясын орнотуу;
- күйүүчү май резервуарларын эки жылда кеминде бир жолу тазалап туруу;
- долбоордо каралган учурларды кошпогондо, технологиялык түтүктөрдүн герметикалуулугун беш жылда кеминде бир жолу текшерүү;
- май бөлүштүрүүчү колонкалардын, жерге туташтыруу системаларынын жана өрт өчүрүүчү жабдуулардын оң абалын камсыздоо;
- авариялык кырдаалдарда кызматкерлердин иш-аракеттеринин пландарын иштеп чыгуу.
Бузулган резервуарларды, күйүүчү май агып жаткан жабдууларды жана текшерүү пломбалары бузулган отун куюучу колонкаларды иштетүүгө тыюу салынат.
Долбоордо ошондой эле транспорт каражаттарына май куюунун эрежелери так көрсөтүлгөн.
Май куюу учурунда автоунаанын кыймылдаткычы өчүрүлгөн болушу керек. Мотоциклдер менен мотороллерлер колонкага кыймылдаткычы өчүрүлгөн абалда түртүлүп келиши зарыл, ал эми моторду колонкадан кеминде 15 метр алыстыкта гана от алдырууга уруксат берилет.
Май куюлуп жаткан унаа менен анын артындагы транспорт каражатынын ортосунда 3 метр, ал эми кезекте турган унаалардын ортосунда кеминде 1 метр аралык сакталууга тийиш.
Автобустарга май куярдын алдында жүргүнчүлөр салондон май куюучу жайдын аймагына жетпей түшүрүлүшү керек.
Мындан тышкары, документте бензинди полиэтилен канистрлерге жана айнек идиштерге куюп берүүгө, ошондой эле май куюучу жайлардын аймагында тамеки тартууга жана ачык отту колдонууга тыюу салынат.
Бул эрежелер бензин менен дизелдик күйүүчү майды кабыл алууну, сактоону жана куюп берүүнү жүзөгө ашырган станцияларга жайылтылат. Суюлтулган жана кысылган газ куюучу жабдууларды пайдалануу документтин колдонуу чөйрөсүнө кирбейт.
Буйрук бекитилген учурда, ал расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Анара Мамытова