Баткенде пара талап кылууга шектелип электр тармактар ишканасынын директору кармалды

02.10.2026 | 10:12
Баткенде пара талап кылууга шектелип электр тармактар ишканасынын директору кармалды — Новости Кыргызстана

Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору М.К. пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 15-сентябрында Кадамжай районунда жайгашкан ишканалардын биринин электр энергиясы линиялардагы кемчиликтер жоюлбагандыгы үчүн өчүрүлгөн. 22-сентябрда облустук электр тармактар ишканасынын директору жарыкты кайра жандыруу жана кемчиликтерди жоюуга убакыт берүү үчүн аталган ишкананын жетекчисинен 3 миң АКШ долларын талап кылган.

27-сентябрда жолугушуу өтүп, анда арыз ээси талап кылынган сумманы бере албасын билдирген. Бирок ага акча каражатын Кадамжай райондук электр тармактар ишканасынын жетекчисине берүү керектиги айтылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Scroll to Top