Улуттук фтизиатрия борборунун аталышы өзгөртүлүп, ага пульмонология багыты кошулду

02.10.2026 | 14:34
Улуттук фтизиатрия борборунун аталышы өзгөртүлүп, ага пульмонология багыты кошулду — Новости Кыргызстана

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун аталышы өзгөрдү. Эми мекеменин расмий аталышы «Улуттук фтизиатрия жана пульмонология борбору» болот. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, борбордун ишмердүүлүгү кургак учук менен бирге пульмонологиялык ооруларды дарылоо жана изилдөө багытын камтыйт.

Ошондой эле борбор Саламаттык сактоо министрлигине фтизиатрия жана пульмонология боюнча республикалык жана облустук саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунуш киргизүү укугуна ээ болду.

Мындан тышкары борбордун директорунун илимий, клиникалык иш жана хирургия боюнча орун басарлары министрлик менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн (2-октябрдан) тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Теги: Токтом
Scroll to Top