Жапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууланды

08.10.2026 | 17:08
Жапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууланды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-октябрда Аваза шаарында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту. Бул тууралуу КР мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттер эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууланды — иллюстрация
Тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, энергетика тармагындагы өз ара кызматташууга жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы мамилелердин стратегиялык мүнөзүн да белгилешти.

Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар эки тараптуу байланыштарды чыңдоого жана Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Scroll to Top