Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Кыргызстан суу ресурстарын башкарууда Франциянын тажрыйбасын колдонот
19.07.2024 | 18:00
Кыргызстан суу ресурстарын башкарууда Франциянын тажрыйбасын колдонот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Швейцария элчилигинин миссиясынын башчысынын орун басары Андрес Мюллер менен жолукту.
Долбоордун стратегиялык максаты – суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну камсыз кыла турган бассейндик деңгээлде суу ресурстарын башкаруу боюнча Франциянын тажрыйбасын колдонуу менен өлкөдө суу пайдаланууну жөнгө салууну өркүндөтүү болуп саналат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КР Суу ресурстары кызматы менен Швейцариянын аймактык кызматташтык агенттигинин ортосундагы келишимге кол коюуну тездетүүнү макулдашышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом