Кыргызстанда 32 жылдан бери документсиз жашаган эстониялык жарандык берүүнү суранууда

Кыргызстанда 32 жылдан бери документсиз жашаган эстониялык жарандык берүүнү суранууда

Кыргызстанда 32 жылдан бери документсиз жашаган эстониялык жарандык берүүнү суранууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Аталган жаран (Г.Ю.В) акыйкатчы Жамиля Жаманбаевга кайрылган. Анын айтымында, Кыргызстанга 1992-жылы СССРдин паспорту менен келип, кийинчерээк документтерин жоготуп жиберген. Ошондон бери документсиз жашап келет. Азыр жашы 50гө келип калган.

Ал документтерин калыбына келтирүү үчүн Эстониянын мамлекеттик органдарына электрондук кат аркылуу бир нече ирет кайрылган. Кыргызстанда Эстониянын элчилиги жок болгондуктан, Казакстандагы элчиликке кайрылып көрүп, жооп ала алган эмес.

Эстониялык жаран ушул күнгө чейин жалданма жумуштарда иштеп, күнүмдүк оокатын өткөрүп келет. Азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылында жашайт.

Ал Кыргызстанга көнүп, дос-тааныш күтүп калгандыктан, кыргыз жарандыгын алууга көмөк көрсөтүүнү суранып акыйкатчыга кайрылган.

«Мен отуз жыл аралыгында документтеримди калыбына келтирүү үчүн болгон аракетимди жасадым. Бейтааныш өлкөдө документи жок жашоо мен үчүн абдан кыйын болду. Өз өлкөмө кете албай калып, кандай гана кыйынчылыктарды башымдан өткөрбөдүм. Кыргызстандын ар кайсы аймактарында иштеп, жан багып жүрдүм. Азыр Кыргызстанга көнүп, кыргыз жарандыгын алып, бул жерде эле калгым келет», — дейт ал.

Анын кайрылуусунан кийин Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Эстониянын Казакстандагы элчилигине кат жөнөтүп, аталган жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып берүүнү өтүнгөн. Оң жооп ала албаганына байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине да кат жолдогон.

Жыйынтыгында институт менен министрлик аталган жаранга Эстониянын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери менен видеобайланыш уюштурушкан.

Видео байланышта Г.Ю.В өзүнүн Эстонияда туулгандыгын, ата-энесинен жаштайынан ажырап, балдар үйүндө тарбияланганын айткан. Ал балдар үйүндө бир тууган эжеси менен тарбияланып, мектепти аяктагандан кийин, Кыргызстанга келгенин айтып берген.

«Учурда  Эстониянын тиешелүү мамлекеттик органдары тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Жакынкы күндөрү Эстония Г.Ю.Внын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берет деп үмүттөнүп жатабыз», — деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын мамлекеттик органдарына кайрылып, аталган жарандын маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>