Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
Казакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунду алды — Аскат Алагозов
07.09.2026 | 17:34

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы командалык эсебинде Казакстандын курама командасы биринчи орунду ээледи. Уюштуруу комитетинин чечими тууралуу Кыргызстандын Президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Акыркы таблицадагы өзгөрүү уюштуруу комитетинин командалык курамда чыккан казакстандык үч спортчунун медалдарын өз-өзүнчө эсептөө чечиминен кийин келип чыкты. Бул байгелерди өзүнчө санагандан кийин Казакстан турнирдик жадыбалдын биринчи сабына чыкты.
Алагозов Казакстандын курамасын медалдык эсептеги жеңиши менен куттуктап, көк бөрү жана жер-улак боюнча беттештер маалында эки өлкөнүн командалары менен күйөрмандарынын ортосунда эч кандай чыр-чатактын болбогондугун белгиледи.
Теги: ВИК