Чүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалды
Ош шаарында жалпы 12 чакырым жол пайдаланууга берилди
07.09.2026 | 09:53

Ош шаарынын Жибек жолу аймагында 101 жана 111-көчөлөрдүн 2 чакырымдан ашык бөлүгү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Жолдун туурасы 18 метрди түзөт. Курулуштун алкагында жолдун эки тарабына ирригациялык лотоктор жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынып, аймак жашылдандырылган. Жолдун ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, жергиликтүү депутаттар жана шаар тургундары катышкан.
Мындан тышкары Жибек жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында дагы 15 ички көчө оңдолуп, пайдаланууга берилди. Жолдордун узундугу 10 чакырымдан ашык. Бул көчөлөр кош каржылоо долбоорунун алкагында оңдоодон өттү. Долбоордо жалпы 20 көчөнү оңдоо каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом