Кыргызстанда 93 соода борбору иштейт, алардын дээрлик жарымы БишкектеКооптуу азыктар: Кыргызстанда тобокелдиктерди баалоонун жаңы эрежелери иштелип чыктыСузактык ишкер айым жеңилдетилген насыяга кампа куруп, кара өрүк экспорттойтКыргызстандын базарларында соода орду канча турат – Улутстаткомдун маалыматыКыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталуудаТабылды Коомбаев — пастель, поэзия жана «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү жөнүндө
Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 10,6 пайызга өстү
14.09.2026 | 11:52

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн реалдуу өсүшү 10,6 пайызды түздү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Умутжан Аманбаев Жогорку Кеңеште мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берип жатып билдирди.
Өсүштү бир нече тармак камсыздады. Пайдалуу кендерди казып алууда өндүрүш 14,2 пайызга, энергетика тармагында 11,2 пайызга, ал эми иштетүү өнөр жайында 9,8 пайызга өстү.
Ошол эле учурда 2025-жылга өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 7,1 пайыз деңгээлинде болжолдонгон.
Теги: Жогорку Кенеш