Талас шаарында президенттин катышуусунда Эгемендүүлүк майрамы белгиленип жатат

Бүгүн, 11-сентябрда, Талас шаарында өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленип жатат. Президент шаардын борбордук аянтында Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты.
Анын жүрүшүндө Улуттук гвардиянын колбашчысы мамлекет башчысына рапорт берип, Мамлекеттик гимн ойнолуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү.
Аземде Садыр Жапаров сөз сүйлөп, мамлекеттик туунун маанисин белгилеп, ал ата-бабалардан калган аманат жана кийинки муунга өткөрүп берүүчү эң ыйык таберик экенин билдирди.
“Ошондуктан күн нуру чайып, түндүгүнө ата-бабалардын руху оролгон Туубуз көтөрүлгөндө ар бир кыргыз жаранынын жүрөгү туйлап, “Бул – менин Мекеним! Бул – менин аманатым!» деп, бабаларыбыздан калган жерди, элди, тилди, нарк-насилди сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү жоопкерчилиги кулагында жаңырып турушу керек”, - деди ал.

Ошондой эле президент өлкөнү бекемдөөнүн жана андан ары өнүктүрүүнүн негизги шарттары — элдин биримдиги жана биргелешкен эмгек экенин өзгөчө белгиледи.
«Биздин мүдөөбүз – билимдүү жаштардын катарын көбөйтүп, ар бир үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеним менен кароосуна шарт түзүп берүү менен өнүккөн Кыргызстанды түптөө!», — деп билдирди ал.
Сөзүнүн жыйынтыгында Садыр Жапаров элди биримдикти сактоого, эгемендүүлүктү коргоого жана улуттук баалуулуктарды кийинки муундарга өткөрүп берүү үчүн иштөөгө чакырды.