Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
ЕАЭБде жыгачтан жасалган таңгактоочу материалдар үчүн фитосанитардык сертификат талабы алынды
14.09.2026 | 14:38

ЕАЭБдин бажы аймагында эл аралык стандарттарга ылайык фитосанитардык иштетүүдөн өткөн жана жыгачтан жасалган таңгактоочу жана бекитүүчү материалдар фитосанитардык сертификат менен коштолуудан бошотулду. Мындай чечимди 9-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши кабыл алган.
КРдин Айыл чарба министрлигинин маалыматында, буга чейин эл аралык маркировкасы бар болгон учурда да кошумча сертификат талап кылынып келген.
Бул өзгөртүү тариздөө убактысын кыскартууга жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү ташууну жеңилдетүүгө багытталган. Эл аралык маркировка материалдардын белгиленген талаптарга ылайык иштетилгенин тастыктагандыктан, аталган чара фитосанитардык коопсуздуктун деңгээлине таасирин тийгизбейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: ЕАЭБ