Октябрь окуясында жабыркаган жаранга президенттин маалымат катчысы жооп берди

Октябрь окуясында жабыркаган жаранга президенттин маалымат катчысы жооп берди

2020-жылдагы октябрь окуясында көзүнөн жаракат алган Дамир Жолдошев өзү жардамдан баш тарткан. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын айтымында, Дамир Жолдошевго жабыр тарткан 35 бала менен бирге операция жасатып, көз салып берүү сунушталган.

“Бирок, ал белгисиз себептерден улам ага макул болгон эмес жана келбей койгон. Көз салып берүү операциясын жүргүзүү үчүн талап кылган тийиштүү процедуралардан өтүү зарылдыгын да четке каккан. Эгерде кайрылуу жасаган жаран көз салдыруу операциясына макул болгон болуп, келе турган болсо азыр деле аны ишке ашыруу кеч эмес. Болгону, убагында анын саламаттыгына кам көрүү сунуштарынан караманча баш тартып келип, эми коомчулукка ачык кайрылуу жасап жатканы биз үчүн таң калычтуу жана түшүнүксүз болууда”, — дейт Аскат Алагозов.

Белгилей кетсек, Дамир Жолдошев президентке видео кайрылуу жолдоп, анда көзүнө операция жасатып берүүнү суранат. Ал Айгүл Жапаровага кайрылуусу дагы жоопсуз калганын, 2-3 жолу көзүнөн операция болуп, бирок жыйынтык бербегиндигин айтат.

“Тууну өзгөртөм деп жатасыз, анын ордуна биздин көзүбүзгө операция жасап берип койсоңуз болмок”, — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>