Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Кыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыкты
11.09.2026 | 16:52

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгында улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттору биринчи жолу өлкө аймагында басылды. Бул тууралуу КРдин Улуттук банкы маалымдады.
Мекеме билдиргендей, буга чейин 30 жылдан ашуун убакыт бою улуттук валюта өлкө чегинен тышкары чыгарылып келген. Президенттин тапшырмасынын негизинде Улуттук банк банкнотторду өлкө ичинде басып чыгарууну камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзгөн.
“Мындай тарыхый окуя көз карандысыздыгыбыздын 35 жылдыгына туура келүү менен өзгөчө алгылыктуу маанай тартуулоодо. Бул Кыргыз Республикасынын экономикалык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик көз карандысыздыгын бекемдөө жолунда дагы бир маанилүү кадам болуп саналат”,- деп билдирди Улуттук банк.
Теги: сом, Улуттук банк