Кыргызстанда чакан жана орто бизнес 2025-жылы ИДПнын жарымын түздү

29.10.2026 | 12:12
Малый и средний бизнес дал половину ВВП Кыргызстана в 2025 году — Новости Кыргызстана

2025-жылы чакан жана орто бизнес 1 006,7 млрд сомдук дүң кошумча нарк өндүргөн. Бул ИДПнын 50,9%ын түзөт. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосунда келтирилген. 2021–2025-жылдары чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү орточо эсеп менен 42,7%ды түзгөн.

2025-жылы өлкөдө 27,2 миң ишкана иштеген. Алардын 26 миңи чакан, 1,2 миңи орто ишканалар болгон. Ишканалардын үчтөн бири (33,8%) дүң жана чекене соода, ошондой эле автоунааларды оңдоо тармагында иш алып барган. Өнөр жай тармагында 11,9%, курулушта 11,1% ишкана иштеген.

2026-жылдын 1-январына карата статистикалык каттоодо 504,9 миң жеке ишкер болгон. Бул бир жыл мурунку көрсөткүчтөн 3,4%га көп. Айыл чарбасында 479 миң дыйкан (фермер) чарбасы иштеген.

Чакан жана орто ишканаларда 138,8 миң адам эмгектенген. Бул экономикада иштегендердин жалпы санынын 5%ын түзөт.

Scroll to Top