Кыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөт

20.10.2026 | 17:44
Кыргызстанда Банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөт — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөт. Ал каржы рыногунун адистеринин квалификациясын жогорулатуу жана банктык эмес секторду өнүктүрүү максатын көздөйт. Тиешелүү токтомго КРдин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кол койду. Бул тууралуу «Эркин-Тоо» гезитинде жарыяланды.

Токтом менен аталган борбор жөнүндө жобо бекитилди. Ага ылайык, борбор өзүн-өзү каржылоо принцибинде иш алып барат. Анын ишмердүүлүгү акы төлөнүүчү билим берүү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын, ыктыярдуу төгүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын гранттарынын жана мыйзамда уруксат берилген башка булактардын эсебинен каржыланат.

Ошондой эле Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына мекемени юстиция органдарынан каттоодон өткөрүү, аны имарат жана материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу милдеттери жүктөлдү.

Scroll to Top