Кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салды

Кыргыз опера ырчысы, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева 90 жаш курагында көз жумду.
Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районунун Кара-Булак айылында туулган. Ал Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктап, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист катары эмгек жолун баштаган.
Чыгармачылык мезгилинде ал 50дөн ашык опералык партияларды аткарган. Алардын арасында Айчүрөк («Айчүрөк»), Каныкей («Манас»), Калыйман («Токтогул»), Татьяна («Евгений Онегин»), Баттерфляй («Чио-Чио-Сан») жана Аида («Аида») сыяктуу образдар бар. Ырчынын аткаруусундагы 600гө жакын ария, романс жана чыгармалар УТРКнын «Алтын фондуна» жазылып алынган.
Ошондой эле ал педагогикалык багытта да эмгектенип, бир катар окуу жайларда сабак берген. 1986–1989-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору кызматын аркалаган.
1980-жылы Кайыргүл Сартбаевага СССРдин эл артисти наамы ыйгарылган.